Үй-бүлөнү пландаштыруу бул жалпы коомчулуктун, жарандардын жана жаш үй-бүлѳ үчүн абдан маанилүү. Үй-бүлөнү туура пландаштырса, коомдун жана улуттун келечеги да жакшырат. Үй-бүлѳсүн пландаштырып, кош бойлуулукка алдын ала даярдык кѳргѳн жуптардын балдары физикалык жана психикалык жактан тезирээк ѳнүгүп, ден соолугу бекем болот. Анткени, үй-бүлѳнү пландаштырбоо энелердин ѳлүмүнѳ, ден-соолугуна түздѳн-түз таасири бар. Кыргызстандагы кѳпчүлүк айымдардын ден-соолуктары начар, тамактануусу толук кандуу рационалдуу эмес. Айымдардын кѳпчүлүгү аз кандуулуктан жабыркап келишет.
Кѳпчүлүк учурда аялдар шарты жок болгондуктан кош бойлуулуктан сактанышпайт. Бир жылда эки жолу тѳрѳгѳн аялдар да бар. Негизинен эненин ден- соолугу үй-бүлѳ үчүн абдан чоң мааниге ээ. Айымдар үй-бүлѳ кураардын астында эле ден –соолугуна кѳңүл буруу туура эмес. Бала чагынан баштап ѳз саламаттыгына кылдат мамиле кылып келүусү зарыл экендиги туралуу Барскоон айылынын тургуну Махабат Султан кызы билдирди:
«Мен үч кыз бир уулдун энесимин. Эки неберем бар. Келиним ден –соолугунун айынан эки жолу ичиндеги ымыркайын алдырууга туура келди. Эл катары келин алып кубанычым койнума батпай турган кезде келиним кош бойлуу болду. Сүйүнүп кѳп кыймылдатпай, ичкен тамак-ашына кѳзѳмѳл салып, убагы менен дарыгерлерге кѳргѳзүп турдук. Дарыгерлердин кеңеши менен ооруканага барып УЗИ аппаратына түшкѳн учурда дарыгерлер кайгылуу кабар айтышты. Келинимдин ичиндеги наристенин жүрѳгү сокпой калганын билдиришти. Келиним капаланып бир жыл боюу дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ болуп даарыланды. Бир жыл ѳткѳн соң кайра кош бойлуу болуп кайрадан сүйүндүк. 5 ай ѳткѳн соң кайрадан дарыгерлер баякы кайгылуу кабарды кайталашты. Себеби эмнеден экенин түшүнбѳй кайра дарыланууга ѳттүк. Бир топ убакыт ѳткѳндѳн кийин дарыгерлердин айтымында келиндин иммунидук система начар экенин тастыкталган. Бир жарым жыл дарылангандын аркасы менен неберелүү болдум».
Көп учурда түгөйлөр балалуу болоордо алгач ден-соолуктарын чыңдап даярдык көрбөй жогорудагы окуядай тобокелчиликке барат. Үй-бүлөнү пландаштырууда – төрөлүүчү бала күтүлгөн убакта төрөлүп, дени сак, сүйгүнчүктүү болуп чоңоёт. Бала ата-энесинин сүйүүсүнө жана көңүл буруусуна өтө муктаж. Азыркы убакта кѳпчүлүк жаш жубайлар үйлѳнгѳндѳн кийин үй-бүлѳнү пландоону экинчи оорунга коюп келишет. Биринчи оорунга иштеп акча таап үй жайлуу болуп, балалуу болууга баардык шарттарды түзүш керек деп эсептешет. Мындай учурларда үй-бүлө мүчөлөрү да колдоп коюшу керек.-дейт айыл тургуну Исланбек Курманбек уулу.
«Негизинен үй-бүлѳ кургандан кийин эле качан балалуу болосуң, колуктуң качан тѳрѳйт деген сѳздѳрдү уга баштайсың. Үй-бүлѳнү бекемдѳѳгѳ, балалуу болууга даярсыңбы эч кимдин иши жок. Менин оюумча үй-бүлѳ мүчѳлѳрү биринчи кезекте балалуу болгондон кийинки шарттарды толук түзүп алы пандан кийин пландаса туура болот деп ойлойм. Келинчегиң кош бойлуу болуунун алдында ден-соолугун толук кандуу текшертип, организимин эне болууга даярдоо эң маанилүү. Тукум куучулук оорулар же адамдын денесинде жетишсиз заттар жок экендигин тастыкташ керек. Мындан тышкары бул учурда атанын дагы ден-соолугу эң чоң мааниге ээ. Себеби ата-эненин ден соолугу жакшы болсо саламаттыгы чың, акылдуу, эч кемчилиги жок бала тѳрѳлѳт. Ошондуктан үй-бүлѳнү пландаштырууда аябай тыкат ойлонуп туруп ишке ашыруу керек».
Дени сак баланын төрөлүшү — биринчи кезекте эненин ден соолугунан көз каранды, ал эми эненин ден-соолугу үй-бүлѳгѳ кѳз каранды. Албетте, андан кийин медициналык жардам, эне менен балага үйдө көрүлгөн камкордук, ооруканадагы шарттар таасир этпей койбойт. Соңку жылдары төрөттөн каза болгон энелердин саны олуттуу көйгөй бойдон калууда. Дарыгерлердин айтымында үй-бүлѳнү пландабай кош болуу болунун кесепетинен аборт жасаткан аялдар да жок эмес. Бул аялдардын ден-соолугуна чоң залакасын тийгизбейт койбойт.
Жарандар өз ден соолугуна болгон мамилени күчөтүш керек, өзүнө да жоопкерчиликти алыш керек. Ага медицина кызматкерлери гана жооп бербестен, өздөрү да аракет жасашы зарыл. Бизге бир жолу кайрылган аялдарга үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча ыкмалар сунушталат. Көпчүлүгү биз айткан кеңештерди колдонбой коюшат,- деген оюун Барскоон айылдык үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлѳлүк мед айымы Нурай Султаналиева ортого салды.
«Негизинен айымдар 18 жаштан ѳйдѳ 35 жаш курагына чейин тѳрѳгѳндѳрү жакшы. 18 жаштан эрте тѳрѳсѳ дене мүчѳсү эне болууга толук кандуу жетиле элек болот. Ал эми жашы улгайган кезде тѳрѳсѳ энелердин урук бездери да жылдан-жылга картая баштайт. Ошол 35 жашка чейинки балдар өтө дени сак, ден соолугу чың, толук кандуу болуп төрөлөт. Акыркы учурда ѳз ден-соолугуна маани бербей келгендин кесепетинен эне-балада аз кандуулук кѳп кездешип келет. Үй-бүлѳнү пландоонун алдында дарыгерлердин кеңешинен ѳтүп, бир сыйра текшерилип андан соң пландаса ден-соолугу жакшы балдар тѳрѳлѳт. Азыркы учурда ичкен-жеген тамак-аштын кѳпчүлүгү химикат болгондуктан ар түрдү илдеттер да пайда болууда».
Бирок, үй-бүлөнү пландаштырууда ар нерсенин өз убагында болгону жакшы. Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул төрөткө чектөө эмес, болгону балдардын аралыгы 2-3 жыл болсо, төрөлгөн ымыркай 2 жашка чейин эмчек сүтү менен багылса, ал аралыкта эне да ден-соолугун чыңдап алмак.
Гүлкайыр Осмоналиева