Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында балдарга Жаңы Жылдык белектер берилди. Таң эрте музыка жаңырып, аянтты шанга бөлөдү. Аянтка орнотулган балатынын жанында чогулган балдар сукка карабай ырдап-бийлешип, табышмактарды табышып, белек алууга аракет кылышты.


Баетов айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда белек берилчү балдардын тизмеси түзүлүп, чакыруулар берилген. Ал тизмеге айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн жана бала бакчалардагы балдар катталган. Белектер Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 100 гө жакын балага даярдалган.



Балдарды Жаңы Жылдык салтанатка алып келген ата-энелер да куттуктоолорун айтып, ырдап беришти. Иш чарага Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков катышты.
Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!