Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында жаңы жылдык карнавал майрамдалды. Майрамдык кечени Сумбула айыл аймагынын башчысы Анаркул Атамкулов элге өзүнүн каалоо сөздөрүн айтып, кечени ачып берди.
Майрамда окуучулар тарабынан даярдалган концерттик номерлер жана кызыктуу оюндар уюуштурулду.

Бул тууралуу Манас атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Акылбек Айтпайев буларды айтты.

“Жаңы жылдык кече өтө кызыктуу, жакшы маанайда өттү. Майрамда окуучулар ырдап, бийлеп, өздөрүнүн өнөрлөрүн элге тартуулашты. Андан кийин майрамдык кече дискотека менен коштолду. Биз быйыл бүтүрүүчү болгонубузга байланыштуу, бул кечеге акыркы жолу катышып жатабыз”, — деп айтты Акылбек.

Сумбула айыл өкмөт башчысынын орун басары Сайпидин Өмүрзаковдун айтымында, карнавалга каражат деле кеткен эмес. Керектүү жабдыктарды жана балатыны мектептен алып колдонушкан. Мындай иш-чара жылда эле уюштурулуп келет.
Майрамдык кече 31-декабрь күнү кечки саат 8:00дө башталып, 11:00дө аяктады.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн