Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Бүүзия Умурзакова он жылдан бери табыпчылык менен алектенип келет. Анын айтымында, бул касиет ага тай энесинен калган.
Сумбула айыл аймагында табыптар көп эмес. Алардын бири Умурзакова Бүүзия. Ал тепки, жүрөгү түшүү, таңдайы өсүү жана башка ооруларды дарылайт.
«Көп эле адамдар кайрылып турат. Райондун ар башка айылдарынан келип, ооруларын көрсөтүп дарылатып кетишет. Биздин жер айыл жергеси болгондугуна байланыштуу тепки оорусу көп. Тепки кандайдыр бир аба аркылуу жугат. Алар мага келсе тепкисин тээп берем. Бул касиет мага менин тай энемден калган. Жаш кезимде тай энемдин батасын алып, бул иш менен алектенип келем», — деп айтып өттү Умурзакова.

Анын 4 уулу 2 кызы бар. Ага кошуналары да тез-тез кайрылып турат.
«Бул чоң энебиз кошуна-колоңго жардам берип турат. Балдарым же өзүм ооруп калсак барып кеңешин сурап келем», — деди кошунасы Абдулазиз Кадыров.
Даярдаган: Уулжанай Кудайкул кызы
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн