Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 80 жашка таяп калган тургуну жылдыздардын жардамы менен кундун кандай болоорун билип келет. Күндүн кандай болоорун Ай жана жылдыздардын жайланышы боюнча аныктайт.
Токтогул Амакулов ата 15 жылдан бери өзүнүн үй-бүлөсүнө, кошуналарына, туугандарына эртеңки күн кандай болоорун аныктап айтып келет.
Биз Токтогул ата бул өнөрдү кайдан жана кимден үйрөнгөндүгүн билиш үчүн аны менен менен маек курдук.
Мындан эки жыл мурун Токтогул ата күндүн кандай болоорун азыркыдан караганда жакшы билчү экенин айтат анын жубайы.
Саламатсызбы! Сиз канча жылдан бери жылдыздар менен күндүн кандай болоорун далилдеп келесиз?
— Салматчылык! Мен күндү аныктап жатканыма көп эле болуп калды. Болжол менен он сегиз жашымдан баштап айта баштагам.
Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?
— Мен өзүмдун атамдан үйрөнгөм.
Кантип билесиз күндүн кандай болоорун?
— Мен аба ырайына карайм. Аба ырайы оң болсо оң, сол болсо сол болот. Негизинен жылдыздардын жайланышынан билем. Алар аба ырайына жараша алмашып жайланышып турушат.
Сиз бизге эртең күндүн кандай болоорун айтып бере аласызбы? Эртеңки күн кандай болот?
— Бүгүн күн кандай болсо эртең да ошондой болот. Ай чалкасынан жатат, аябай эле чалкасынан жатып калыптыр. Ай менен Чолпон жылдыз тогошуп турат. Демек эртең кар жаабайт. Күн бүркөө болот.
Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн
АЭ