Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында муз аянты ачылды. Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндөй болду.
Муз аянтын айыл тургуну, жеке ишкер Гүлзат Абдылдаева ачты. Айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына муз тебүү акысыз.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына бекер тептиребиз. Окуу башталганда Баетовдогу эки мектептин окуучуларына бир күндөн бекер тебүүгө мүмкүндүк беребиз. Жаш курактары чектелбейт», — деп билдирди Абдылдаева.


Муз аянтында эс алуу бир саатка 50 сом. Эртең мененки 10дон кечки саат 11ге чейин иштейт.
Айтымында, балдарга конькини туура байлоо, бойду түз кармоо боюнча инструктор көрсөтмө берип көзөмөлдөп турат. «Ал эми жеңил жаракат алган учурда колдонгонго аптечка бар», — деп кошумчалады ал.


Мындай муз аянттары былтыр Ак-Талаа районунун аймагында көбүрөөк болчу. Тактап айтканда Ак-Чий, Конорчок айылдарында жана Баетов айылында үчөө бар болчу. Бул жагдай боюнча райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыев мындайча токтолду:

— Быйыл бирөө эле ачылып калды. Бул да каражатка барып такалат экен. Азыркы конькилер бир сезондук 3-4 айга жарап, кийинки жылы колдонгонго жарабай калат экен. Ошол себептүү чыгымдарды актабайт деген пикирди айтышууда. Былтыр Баетов айылында үчөө болчу.

Чырмыевдин айтымында, эми окуучулар, мекеме-ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында мелдештер ушул муз аянтында өткөрүлмөкчү.
Учурда мектеп окуучулары кышкы каникулда. Алар каникулда муз аянтынын ачылып жатканына кубаныч жатканын жашырышкан жок.


«Айылда балдар кышкы каникулда эс алууга шарт жок. Алардын көбү чана тээп, кар чыгарып же ата-энесине мал карап жардам берип өткөрүшөт. Биз кеч болсо да муз аянтынын ачылганына кубанычтабыз. Буюрса каникул бүткөнчө келип, эс алып турууга аракет кылабыз», — деди мектеп окуучусу Калида Кубанычбекова.
Даярдаган: Илимбек кызы Зулайка
Монтаждаган: Мамбетказиев Абдурахим
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн