Түп районуна караштуу Токтоян айылында көптөгөн кооз жерлер бар. Алардын катарына айылдагы токой дагы кирет.
Токой өзүнүн көп түрдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Айыл тургундары да токойго барып эс алып кетишет. Сары дөбө токой бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алмабековдун айтымында, тургундар жайында токой жакта сууга түшүп эс алса, кышта муз тебишет.

Токойдун жайкы көрүнүшү.
— Токой эс алууга абдан ыңгайлуу. Ал жерде көптөгөн өсүмдүктөр жана жаныбарлардын түрү абдан көп. Жай мезгилинде сууга түшүп жана даамду мөмөлөрдү терип алып эс алышышат. Ал эми кышкысын балдар коньки тээп эс алышат. Ар бир адамдын туулган жери өзү ыйык дегендей, менин да туулган жерим өзүм үчүн ыйык. Айылыбыздын көптөгөн кооз жерлери бар, алардын бири токойдогу арчалуу жери жагат. Өзгөчө кыш мезгилинде жайды сагынган учурда арчалуу бөлүгүнө барсаң, айлана жапжашыл болуп көзгө абдан жагымдуу көрүнөт.

Токойдун жайкы көрүнүшү.
Даярдаган: Канат Нурлан уулу
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн