Түп районуна караштуу Токтоян айылыда жаңы фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) октябрь айынан тарта салына баштаган. Учурда анын курулушу бүтөйүн деп калды.
ФАПтын медайымы Лена Орозбаковнанын айтымында, 15-20 күндүн ичинде жаңы ФАП толугу менен бүтмөкчү.

“Учурда 1969-жылы салынган ФАП иштеп жатат. Ал эми салынып жаткан ФАПтын ичи бардык техника менен жабдылып, эски ФАПтан айырмаланып бир топ эле кененирээк болот», — деп билдирди Орозбакова.
Медициналык мекеменин курулушу АРИС аркылуу каржыланып, жалпы 2 миллион 100 миң сом акча бөлүнгөн. Ал эми айыл өкмөт тараптан 500 миң сомдук көмөк көрсөтүлгөн.

Айыл тургуну Гүлмира Зумдунова ФАПтын ишке киргизилишин чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтты.
“Бизге жаңы ФАПтын салынып жаткандыгы абдан жакшы болду. Эми буйурса бул ФАП да ишке киргизилип, айыл тургундарына бир топ жеңилдик болот”, — деди айыл тургуну Зумдунова.
Автору: Адилия Мундукова
Сынак үчүн
ДО