Учурдагы кырдаалга байланыштуу Куланак айылындагы № 1 үйбүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү бөлүм дем алышсыз иштеп жатат. 4 орундуу койкага күнүнү 44 кө чейин адам кайрылып жаткан учур.
«Акыркы 2 жумадан бери кайрылгандар абдан көп. Негизинен сасык тумоо жана пневмония менен кайрылып жатышат. Учурда абал өткөндөгүгө караганда тынчып калдык. Нарынга рентгенге жиберип, андан кийин дарылоо курстары жүрүп жатат. Аптекада С витамини жана физраствор жок болуп түшпөй да калып жатат. Калган дары- дармектер жетиштүү. Негизи күндүзгү бөлүмгө кайрылган оорулу кечке жатыш керек эле оорундук жетишсиз болгондуктан даарыларын алган соң үйлөрүнө кеткенге мажбур болуп жатышат»,- деди медайым Майрам.
Ал эми айыл ичин түрө кыдырып иштеп жаткан мед кызматкерлердин бири Назира Абдраева:
УБД га келгенге шарты келбесе үйлөрүнө барып карап жатабыз — дейт
Учурда Куланак айылында жана Учкун айылында мед кызматкерлер тынымсыз иштеп жатышат. Эл кылган кызматтарына ыраазычылык билдирүүдө.
Жети-Өгүз районундагы эпидемиологиялык абал кандай?
Айзат Түмөнбаева