Ак-Талаа районундагы Баетов айылында медресенин имаратында ачылган күндүзгү дарылоочу жайга кайрылгандар арбын. Ийне сайдыруу же тамчылатма ийне куйдурууга келген ооруган бейтаптардын кезеги узун.
Күндүзгү дарылоочу жайда кезек күткөн бейтаптар
Бейтаптар ийне жана тамчылатма дары алуу учуру
Күндүзгү дарылооочу жайга Бишкек шаарынан көрсөтмө менен келген дарыгер Айчолпон Койчуманова вирус коркунучтуу жана кырдаал оор экенин айтты.
Айчолпон Койчуманова Бишкек шаарынан келген дарыгер
“ Бир күндө жетимиштен жүзгө чейин ооруган бейтаптарды кабыл алып, жардам көрсөтүп жатабыз. Көпчүлүгү дене табы көтөрүлүп келгендер. Бейтаптын абалына жараша дарыларды берип жатабыз. Бул оору жаш куракты ылгабайт. Адамдын баарына бирдей эле жуга берет. Ооруган адам дем ала албай тез эле каза болушу мумкүн. Бирок алдын алууга, колубуздан келишинче өз убагында дене табын өлчөп, антибиотик жана витаминдерди берип, кароого аракеттенип жатабыз” дейт.
«Биз дагы аскер сыяктуубуз. Ант бергенбиз, бар деген жакка барабыз» деп кошумчады дарыгер айым.
Ал эми күндүзгү дарылануучу жайга дарыгердин кабыл алуусуна келген Баетов айылынын тургуну Анарбек Абдиев: «Дене табым көтөрүлүп, тамагым ооруп жаткан. Дарыгер абалымды көрүп, кандай дарыларды канча маал ичем жана кайсы убакта ийне сайдыруум керектигин көрсөтмө берди. Көрсөтмөгө ылайык бир жума келем»,- дейт.
Барчын Мамытбекова