
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында он экиден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, көп улуттуу үй-бүлөлөрдүн саны 100дөн ашат.

Айыл боюнча 30 миңден ашык калк жашаса, алардын ичинде 100дөн ашык көп улуттуу үй-бүлөлөр бар. Үч-Коргондун тургуну Абдулазиз Хашимовдун үй-бүлөсү да көп улуттан куралган. Учурда Хашимов Үч-Коргон айыл өкмөтүндө аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштейт.
“Үч-Коргон” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Хашимов менен маектешип келишкен.
“Мен 1948-жылы Үч-Коргондо төрөлгөнмүн, улутум Тажик. Ноокат районундагы Ынтымак орто мектебин 1956-жылы бүтүрүп, эмгек жолумду Кадамжай районундагы Калинин колхозунда баштаганмын”.
“Жубайым Сайпал Хашимова, кыргыз. 1954-жылы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Биз 1971-жылы баш кошуп 43 жылдан бээри бактылуу өмүр сүрүп келүүдөбүз”.

“Учурда сегиз баланын бактылуу ата-энеси, 21 неберенин чоң ата, чоң энесибиз. Биз өзүбүз эмес, балдарыбыз да бизге окшоп башка улуттардан сүйүп алышкан. Чоң келиним кыргыз, экинчиси өзбек, үчүнчүм тажик. Эми кудай буйруса неберелерим да өзүбүзгө окшойт деген үмүттөбүз”.
“Башкаларды өзгө улуттан алба деп урушушса, биздин үйлөнүшүбүзгө ата-энелерибиз себеп болгон. Ал кездерде сүйлөшүп алыш деген жок эле, бир жолу көрүп анан турмуш курганбыз. Биздин турмушта кыйынчылык болгон жок. Анткени биз кыргыздардын арасында жашап чоңойдук жана азырда жашап келүүдөбүз”.
“Мындай үйбүлө курам дегендерге айтаар кеңешибиз — көп улуттуу үй-бүлө курсаңар жаңылбайсыңар. Себеби ортодо достук, биримдик пайда болот. Анан төрөлгөн балдар да башкалардан өзгөчөлөнүп акылдуу болуп турат”.
Даярдаган: Шумкарбек Сабыр уулу