Үч-Коргондо жайдын аптаптуу күндөрү артта калып күз кирп келди. Жагымдуу мейлүүн аба өзгөчө адамдарга таасирин өткөрүп жаткандай туйулат.
Көчөлөрдө эки тараптан жумуш менен, кимдир окууга шашып бара жатканын дагы бирөөлөр машинада кетип баратканын көрүүгө болот.
Үч-Коргондо ар бир мезгил өзгөчө кооз жана кереметтүү өтөт, адамдары меймандос келген конокторду алтын күздүн бышып жетилген мөмө жемиштери менен сыйлашат.
«Кайсыл мезгилде Үч-Коргонго келсеңиз эс алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мен Үч-Коргондо төрөлгөнүмө шүгүр кылам биздин жерлер кереметтүү кооз»,-деп билдирүүдө айылдын тургундарынын бири.
Үч-Коргондун жашоочулары өзгөчө таланттуу жана өнөрлүү болушат, айрыкча күз айларында ар түрдүү концерттик бийлерди даярдашып өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп келишет
Даярдаган: Мансуров Камрон
Сүрөттүн автору: Арипов Атабек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка