Нарын районунун Куланак айылында мектепте жарманке болуп өттү. Жарманкеге окуучулар жана каалоочулар катышты. Жарманкенин максаты күз берекесин даңазалоо.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев мектебинде жарманке болуп өттү. Болуп өткөн ишке окуучулар жана айыл тургундарынын каалоочулары катышышты. Иш чарада мектеп алдынада ар кандай нерселер сатылды. Окуучулардан бүгүнкү иш чара боюнча ар кандай маалыматтарды ала алдык. Жарманкенин катышуучусу Гүлбийке төмөнкүлөрдү айтып өттү:
«Мен Гүлбийке Жусупова 4-а классынын окуучусумун. Жарманке болуп өттү. Жарманкеге блинчик жасагам, ал блинчикти 10 сомдон сатып жатам. Бүгүнкү күн мага жагып жатат, жана башкаларга да жагып жатса керек деп ойлойм. Жарманкеге ушу менен экинчи жолу катышып жатам.»
Ал эми Айжамал Азатбекова мындай баяндады: «Менин атым Айжамал. 4-а классынын окуучусумун. Бүгүнкү болуп жаткан иш мага абдан жакты. Жарманкеге кичинекей болгонума байланыштуу биринчи жолу катышып жатам. Бүгүнкү жарманкеге пирожки жасап келдим. Пирожкини 10 сомдон сатып жатамын. Бул күн сонун өтүп жатат,»- дейт.
Бүгүнкү иш — чарага көптөгөн окуучулар катышты. Алар үйлөрүнөн ар кандай нерселерди алып келип, сатышты. Бул дагы болсо күз берекесинин белгиси.
Даярдаган: Айдайым Болотбекова