Үч-Коргон айыл аймагындагы Үч-Коргон жаштар борборунда Кадамжай шаардык, акимчилигинин кызматкерлери жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппараттык кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү.
Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл аймагындагы мектептердин мугалимдери Кызыл-Кыя шаарынын мектептеринин мугалимдери менен биргеликте кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери боюнча семинардык жыйын болуп өткөн.
Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаевдин айтымында, мектептер арасында ар түрдүү карама-каршылыктар пайда болууда.
«Бири-бирине терс мамиле жасап, токмоктоп кеткен учурлар катталууда. Биз 7-апрель элдик революцияга карата иш чара жана мелдеш өткөргөнбүз ошол учурда бир топ окуучулар, студенттер мектеп окуучуларын токмоктоп кетишкен.Биз убагында аларды сүрөткө тартып, милицияга тапшырганбыз. Алар балдарды табышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул иштерди тергөөгө өткөрүп беришкен», — деп билдирди ал.Ж.Рахматуллаевдин билдиргендигине караганда, бул ишти иликтөө максатында бүгүнкү күнү эки тараптын макулдашылганынын негизинде иш кыскартылып, балдар иштери боюнча камиссияга өткөрүп беришкен.
«Бүгүн бул ишти Кадамжай мамлекттик администрациясынын алдында түзүлгөн балдар иштери боюнча комиссия жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн балдар иштери боюнча комиссия биргелешип, ушул маселени кароо үчүн отурум өткөрүүдөбүз», — деп билдирди ал.
Даярдаган: Гулиза Жээнбаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка