Айылдын мектебиндеги 1ден 4кѳ чейинки окуучулардын тиштерин дарыгерлер бекер дарылап кетишти.
Түп районундагы кичинекей балдардын тиш доктуру Алмаз уулу Элдияр: “Биз кичинекей балдардын тиштерин бекер жулуп жана дарылап бердик. Госучреждениядан келгендиктен мамлекетке иштейбиз ошон үчүн бекер. Токтоян айылы менен 2чи айыл дагы бир айыл калды», деп билдирди.
“Смена молочных зубов деген бар ошолорду жана ооруп жаткан тиштерди жулуп жатабыз. Дагы дарыланчу тиштерди дарылап атабыз. 1-класстын Аделя деген кызы тишин жулдуруудагы кезекте турганда коркуп үйүнѳ качып кетип, тѳшѳкѳ жатып алыптыр. Азыр апасы кайра алдап алып келди.”-деп билдирди ал
Дарыгерлерге чон ыраазычылыбызды билдиребиз.
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка