Үч-Коргон айылынын тургуну Топахан Абдуразакова азыркы учурда 80 жашта, ал жалгыз уулуна эгин эгүүдө талаа иштерине жардамдашат.
«Мен өзүмдү ар дайым эмгектенгенде жакшы сезем, 42 жыл мектепте эмгектенип келдим, пенсия жашына чыктым, бирок, аракет кылууну токтоткон жокмун. Учурда уулум экөөбүз картошкалардын астын жумшартып жатабыз», — дейт ал.
Тапахон Абдуразакова сырткы келбетинен 80 жашта экени байкалбайт , анын эмгектенип жатканын көргөн адам суктанбай койбойт.
Үч-Коргондо жергиликтүү бийлик тарабынан майрамдада, эскерүү күндөрүндө улгайган адамдардан кабар алынып турат.
Т.Абдуразакова жолдошунан эрте ажырап, жалгыз уулун өзү тарбиялап, үйлөп, учурда неберелердин сүйүктүү чоң энеси болуп отурган чагы.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Сүрөттөр: АКИpress сайтынан алынган
Автору: Арипов Атабек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка