6-июнь күнү Кара-Талаа айылында «Ысык-Көл –ыйык мурасым» аттуу ишембиликтин жардамы менен көлгө бара турчу жолдор тузөлүп, бак дарактар акталып, айлана-чөйрө тазаланды. Ишембиликти колдоп чыккан Ишенбай Жээнтаев: «Бүгүн Улахол айыл аймагындагы баардык айылдарында ишембиликтер жүргүзүлүп жатат. Биз Болот Алаков атындагы орто мектебинин администрациясы менен сүйлөшүп, Кара-Талаа айылынын күн чыгыш жагындагы кире бериши, айылдын босогосу болгон ДЭУнун бак-дарактарын актап жатабыз. 10-а жана 10-б кластарынын окуучу кыздары класс жетекчилери менен келип жардам берип жатышат», деди.
Мындан ары да ар бир алтынчы күн сайын ишембиликтер жүргүзүлөт. Имараттардын айлана чөйрөлөрү жана дагы көчөлөр тазаланат.
Мугалим Гүлзада Тентимишова ишембилик боюнча өз оюн билдирди;
Айылыбыздын көрктөндүрүлүшүнө 10-а жана 10-б класстарынын окуучу кыздары келип өз жардамдарын берип жатышат. Албетте мындай иш чаралар көп-көп дагы жүргүзүлсө өзүбүз үчүн эле көп пайда болмокчу.
Окуучу кыздардын бири Роза Таалайбекова ишембиликке чыккандыгынын себебин айтып берди.
— Биз мына бүгүн окуучулар келип айлыбыздын көрктөндүрүлүшүнө өз салымыбызды кошуп жатабыз деп эсептейм.
Мындан ары да ар бир алтынчы күн сайын ушундай ишембиликтер жүргүзүлүп турмакчы дейт айыл тургундары.
Дардагандар: Эркайым Асанканова, Асылбек Баялиев