Кошбулактын «камчатка» аймагында кайрадан «Coal grupp» (Коал групп) ишканасы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жер талашуу маселеси чыкты. Айта кетсек буга чейин жергиликтүү тургундар өздөрү жашап жаткан жердин астындагы көмүрдү казып алуу үчүн лицензия алып келген, Бишкек шаарында катталган «Coal grupp» ишканасы иш баштаарда макул болбой Президентке кат жазып, Президенттик аппараттын көзөмөлү менен экотехинспекциянын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери келип ишкананын ишмердүүлүгүн токтоткон. Бирок Коал групп ишканасы Сот органдарынан ишмердүүлүгүн улантуу үчүн аткаруу барагын алып келип жумуш баштамак болду. Ушул учурда жергиликтүү тургундар аябай катуу нараазы болуп топтолуп жатты. Кырдаал курчуп кетпеси үчүн Коал групп менен жолугушууга Ш. Джураев жана Р. Жолбаев айылынын башчылары жана төрайымдары гана барды. Бирок Коал групп сөзгө келүүдөн баш тартты. Ошол учурда Кошбулак аймагынын башчысы жана аймактык тескөөчү милиционер келип элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде гана маселе чечилүүсүн талап кылып, бул маселе боюнча аныкталган жаңы жагдайлар боюнча Сот органдарына арыз менен кайрылганын билдергенден кийин чогулган эл таркап кетти. Бирок маселе курч бойдон калууда. Канткен менен Коал групп ишканасына жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп бериле элек. Болгону Госкомгеологиядан лицензиясы бар. Акыркы үмүт Сот адилеттигинде калды.
Кабарчы: Б. Сапаркулов