Бардык эле ата-энелер баласы өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшун каалашат. Алдыда кантип мындай баланы өстүрүү керектигин айтып беребиз. Психолог Алтынай Кариева көпчүлүк ата-энелер ишенимдүү кылып тарбиялоо менен салыштырууну “эң сулуу, эң кыйын, эң күчтүү”-деген сыяктуу сөздөр менен алмаштырып алышарын айтат. Негизинен өзүнө ишенүү деген башка нерсе. Өзүнө ишенген адам салыштырууга муктаж эмес адам.
Психолог Алтынай Кариева ата-эне өзүнө ишенбесе өзүнө ишенген баланы тарбиялоо кыйын болуп каларын белгилейт. Анткени бала деген укканын эмес, көргөн нерсени аткарат. Бардык нерсе ата-энеден башталат. Эгер ата-эне мисалы тойго барганда каалоо-тилекти айта албай турган болсо, баласынан бир кечеде ыр айтып укмуштуудай өнөрүн көрсөтүүсүн күтпөй эле койсо болот. Анткени ата-эне өзүнө ишенбей турса бала өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюсу өтө сейрек кездешет. Алдыда психолог бир нече мисалдар менен баланы ишенимдүү кылып чоңойтуу үчүн сунуш- кеңештерин берет.
Идеалдуу адам, идеалдуу бала жок. Андыктан туура эмес бир нерсе кылып калса ага мүмкүнчүлүк берүү керек. Сен эмнеге антип салдың, сен муну кыла албайт экенсиң, сен дайыма ушинтип саласың деген сыяктуу сөздөр менен баланы сындагандан көрө: “Башында мындай боло берет, кийинкисинде жакшы кыласың”- деген сөздөр менен колдоп кетүү жакшы.
Бизде көпчүлүк учурда бала туура эмес кылса, баса калып сындап жатып анын “уят” сезимин пайда кылабыз. Бала үчүн анын ата-энеси бала тарбиясына катышкан жакындары идеал адам болуп эсептелет. Туура эмес айтып жаткан болсо дагы, кичинекей бала анын бардыгын туура деп эсептейт. Айрым учурда андай жаман ойдо эмес мындай эле сөз арасында бала сүрөт тартып келсе бул дагы сүрөт тарта албайт турбайбы, ырдап берсе “ой сен эмне артист болосуңбу?” деген сыяктуу сөздөр менен анын ошол тармакта өзүн ачып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей ишенимин жоготуп коюшат. Кээ бир учурда ата-эне ойлонбой сүйлөп алат же маанайы жок учурда ошол нерсе менен бөлүшүп алышы мүмкүн.
Ошон үчүн баланы инсан катары сындап, мазактабай бир нерсе окшошпой баратса дагы күлбөй колдоп, түшүнүп сүйлөшкөнгө аракет кылуу зарыл.
Эгер бала өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшун кааласак эч качан аны башка бала менен салыштырбоо керек. Мисалы, башында футбол ойноп жатканда сиздин балаңыз кошунанын баласына караганда жакшы ойной албашы мүмкүн. Ошол учурда карачы Азамат кыйын ойнойт экен деген сөз балага эч кандай мотивация болбойт. Тескерисинче балада мен жакшы ойной албайт турбаймынбы, үйдөгүлөр Азаматты жакшы көрүшөт менин колуман эч нерсе келбейт андан көрө ойнобой эле коюн деп футболду дагы таштап коюшу мүмкүн. Ушундай мисалдардан улам өзүнө болгон ишеним төмөндөй баштайт.
Баланын кичинекей кезинде биздин менталитетте бул басымдуулук кылат. Биз байкабай эле мурду биздикине окшош чоң экен, көзү тигиникине окшоп калыптыр деген сөздөрдү анча деле көңүлгө албай айта беребиз. Бул сөздөр дагы баланын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп баштайт. Өзгөчө өспүрүм куракта бул жакшы билинет, сырткы кебетеге комплекстер пайда болуп өзүнөн-өзү уялып баштайт.
Мактоо десе эле көзүн катуу сүзүп койсо эле эмес, кылган иши боюнча мактоо. Кылган ишине чейин баланын аракетин мактоо керек. Биз көбүнчө баланын жыйынтыгын эле мактайбыз дагы ага жеткенге чейинки кылган аракетин бошотуп ийебиз же ага көңүл бурбай коебуз. Ошондуктан аракетин мактоо маанилүү. Мактаганда дагы салыштыруу иретинде сен эң кыйынсың деп эмес, балансты сактап объективдүү мактоо зарыл. Салыштырууда өзүнүн өткөн чагы менен гана салыштырса болот.
Өзүнө ишенимдүү болуусу үчүн өзү кызыккан тармакка берүү керек. Ал кайсы тармакка шыктуу, таланттуу, кызыгуусу күч болсо ошол жакка берүү зарыл. Анткени бала спортко такыр эле кызыкпаса, ага жараша күчтүү болбосо деле ушуну үйрөнсүн деп “бокс” берүү туура эмес. Ал жерден бала өзүнөн күчтүүлөрдөн басынып ого бетер чүнчүп, өзүнө болгон ишеними кетип калышы мүмкүн.
Дайыма өзүнө 100% ишенип жүрүү, бардык тармакта ишенимдүү болуу мүмкүн эмес. Жаңы нерсени баштарда өтө ишенбей кичине коркуу бул нормалдуу эле көрүнүш. Дагы бир жолу айтам эң биринчи бул багытта ата-эне өзү үлгү болуусу маанилүү.
Тесттен өтүп көрүңүз:
Ата-энелер үчүн тест: Балаңызды кандай тарбиялап жатасыз?
Айгерим Кубатбекова