Кара-Суу айылы Чуй облусунун Жайыл районунун борбору Кара-Балта шаарынан ылдый 30 километр жерде жайгашкан. Кара-Суу айыл аймагында өзгөчө жана кооз жерлер көп болбогону менен алардын саны куру эмес. Анткени айылдан өйдө үч километр аралыкта Кара-Балта суу сактагычы бар.
Суу сактагыч айылыбыздын тургуну Сапар Жумалиевдин айтуусу боюнча, 1964-жылы курулуп бүткөн. Тегереги бак-дарактар менен курчалган кооз жер. Суусу менен Кара-Суу айылынын жерлери сугарылат.
Ал эми айыл тургундары үчүн эс алуучу жай. Жаштар келип сууга түшүшөт, сүзгөндү үйрөнүшөт. Жалаң гана жергиликтүү калк эле эс албастан, Кара-Балтадан да келишип, эс алып балык кармашат.
Ал эми айылдын ылдый жагында болсо «Мелиорация» деп атап койгон суу сактагыч бар, атайын Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын жумушчулары үчүн ал жерде эс алуучу үйлөр тургузулган болчу. Ал жерде жумушчулар келип эс алышчу эле.
Бирок азыр ал үйлөр жок. Жок болсо да тегереги бак дарактар менен курчалган ажайып кооз. Кара-суулуктар ал жакка да барып эс алып турушат. Өзгөчө жайында жаштар барып эс алат. Айылдын тургундары үчүн бул эки суу сактагыч өзүнчө бир өзгөчө жай да десек жаңылбайбыз.
Анткени айылдын тургундарынын баардыгынын жаштыгы ушу эки суу сактагыч менен кандайдыр бир байланышы бар.
Кара-суулуктар Кара-Балта жана Мелиорация суу сактагычтары менен сыймыктанышат, мактанышат. Биздин көлүбүз деп аташат.
Даярдаган: Элина Азаркулова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка