Ушул жылдын 11-июнунда Нарын облусундагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун «Жарандык коомду колдоо фонду» GIZ долбоорунун алкагында «Нарын облусттук өнөрканасы» деген темада семинар болуп өттү.

Семинарга Нарын, Кочкор, Ак-Талаа райондорунан жана Нарын шаарынан өкүлдөр катыштып, өздөрүнүн жасаган иштери боюнча тажрыйба алмашышты.
Долбоордун жеңүүчүсү, Жерге-Тал айылынын тургуну Алмаз Өмүров буларга токтолду: «Жүндү кайра иштетүү кийизден буюмдарды жасоо долбоору 418 миң сомго GIZ дин каржылоосу менен станоктору алынып келинип, орнотулуп жатат жакында ишке беребиз.»
Соңунда өкүлдөр өздөрү жасап келген улуттук буюмдарын жарманкеге коюшту.

Белгилей кетсек Кара-Чий айылы 2015-жылы GIZге пилоттук айыл болуп тандалып алынган. «Кара-Чий айылдык жамааттык башкаруусу» коомдук уюмунун төрагасы Шаршенбек Акматов жана мүчөсү Алмаз Садыков катышып келди.
Даярдаган: Шаршенбек Акматов