“Бирге окуйбуз” долбоору айылдын жана мектептин шартына туура келген учурларда өткөрүлүп турат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен окуу лагери А.Абдраимов атындагы орто мектебинин кенже классынын окуучулары үчүн Балатапан жайлоосунда өтүп жатат.
Бул жерде боз үй тигилип, аталган долбоордо атайын билим алган менторлор (мугалимдер) сабак өтүшөт,ар кандай кыргыздын улуттук оюндарын ойнотушат. Окуу лагеринде ылайыкталып балдардын колунан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлган.Ар кандай жомок китептерди окушат.
Аталган жайлоодо жыйынтыктоо семинары болуп, ага долбоордун Нарын облусундагы өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө кызыктуу оюндар болуп, балдар ар кандай жомокторду коюп, өнөрлөрүн тартуулашты.
ЮСАИД дин «Бирге окуйбуз» долбоорунун облус боюнча мобилизатору Т.Осмокеева долбоордун максаты тууралуу: “Өзүнөр билгендей бизде билим сапаты салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан билим берүүнү реформалоо боюнча стратегиялык план иштелип чыккан жана изилдөөлөр ата-эне бала менен бирге окууга көңүл бурбай тургандыгы аныкталган. Ошол себептүү ата-эне жок дегенде 10 мүнөт бөлүп, китеп окуп, убакыт бөлсө, бала сөзсүз ийгиликке жетишет. Китеп окууга кызыгуусу артат” дейт. Семинардын аягында катышуучулар менен бирге кыргыздын упай оюну ойнотулду.
Даярдаган: Г. Мамытбекова