Кызыл-жылдыз айылындагы М .Иманалиев атындагы орто мектепке 110тонна көмүр келип биринчи түшкөн. Бирок көмурдун сапаты начар болгондугуна байланыштуу кышка жетпейт деген коркунуч болууда.

Көмүр сентябрь айында тендерди утуп алган жеке ишкер Бакыт Аттокуров тарабынан келген. Көп өтпөй 2 жумадан кийин көмүр түтөп эшикке чыгарылган . Көмүрдү 4 адам электен өткөрүп,жагууга жарактуусун кайра көмүрканага майдасы эшикте жараксыз болуп турат. Көмүрдүн жарактуу бөлүгү 40 тонна. Бул тууралуу мектеп директору Айзада Байсалова мындай деди:

“Биздин кышка даярдыгыбыз жакшы болчу, алгачкылардан болуп көмүр биздин мектепке түшкөн. 110 тонна көмүрүбүз Кара-Кечеден алынып келинген. Бирок 15 күндөн кийин түтөп күйүп баштады. Бизге тендер жарыялаган адамдын өзүн алып келип ошолордун жардамы менен эшикке чыгартып сактап калдык. Бирок ошонун ичинен 70 пайызы жараксыз болуп калды.”
Мектеп директорунун орун басары Кусейин Тулөбердиев мындай деди.Бул көмүр 2 айга гана жетээрин айтып кооптонууда.

“2016-2017-окуу жылына 3-сентябь 110 тонна көмүр келип түшкөн. Бирок эки жумадан кийин өрттөндү. Аны сыртка чыгарып, кайра элеп киргиздик. Бирок сапаты начар болуп калды, кышка жетпей калуу коркунучу бар.”
Сапатсыз түшүрүлгөн көмүр ,мектеп администрациясын убарага салды.Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тынчтык Жумакадыров баш болуп,мектептин техникалык кызматкерлери менен биргеликте кол менен электен өткөрүп,иргеп алууга дуушар болушту.Анын айтымында бул иштеген адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгиизди.
“Ошол көмүрдүн чаңы эле бир ушумдук экен. Ээлеп баштаганда бир-экөө ооруду, жумушчулар маска тагынса дагы өтүп кете берет экен. Көмүр күйүп жатеанда жалаң чоң-чоңдору күйүп кетти.”
Бул иш тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнө жана райондук билим берүү бөлүмүнө райондук акимине мектеп администрация тарабынан акимге билдирилген.Жеке ишкер Бакыт Аттокуров бул боюнча жардам көрсөтөм деген сөзүн айткан,бирок азырынча жооп жок.
Даярдаган: Нуриза Аскарбек кызы, Нуржигит Муратбеков, Аман Шаршенбеков