Айыл тургуну ФАОдон алган ую шарп менен ылаңдаганын, андан башка уйларга да жугуп жатканын айтты.
Бул боюнча айыл тургуну Элнура Төлөева бизге төмөндөгүчө баяндап берди.

“Мен ФАО тарабынан бир саан уйга ээ болгом. Ал шарп оорусуна чалдыккан уй экен. Биздин короодогу малдын баардыгына шарп оруусу жугуп, учурда дарылоо иштерин жүргүзүү аракетиндебиз”, — деп билдирди Төлөева.
Токтоян айылынын ветеринардык дарыгери Жекшен Шайкинов буларды айтты.
“Бул оору ача туяктуулар арасында гана жүрөт. Адамга да тескери таасир берүүсү мүмкүн бул ооруга каршы даары “Окситетрадциклин” деп аталат. Эгер бул даарыны бооз уйларга колдонсок, музоо салып коюушу толук ыктымал анткени бул күчтүү препараттан болуп саналат”, — деди Шайкинов.

Даярдаган: Шайыков Ахмет, Абдынапыкова Айдай.
Редактор: Нуриса Максат кызы.
Сынак үчүн