Кызыл Жылдыз айылындыгы М. Иманалиев атындагы орто мектебин 2010-жылы бүтүргөн Жибек Келдибекова мектепке Манас таануу боюнча энциклопедия алып келип берди. Бул окуучулардын Манас эпосун кеңири окуп билуусунө чоң салымын кошууда.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Калмира Исмаилова мурда Манас эпосу тууралуу биз таппаган кеңири маалыматтар энциклопедияда бар экен дейт:

“Жибек Келдибекова биздин мектептин бүтүрүүчүсү, Улуттук Университетте журналистика факультетинде окуйт жана Кыргыз илимдер академиясында иштейт. Бул энциклопедияда Манас эпосу тууралуу кеңири маалымат берилген экен, Манас боюнча сөздүк да камтылган, жер-суунун аттары толугу менен түшүрүлүптүр. Мындай китепти сатып алуу мүмкүнчүлүгү бизде аз, бирок Жибектин жардамы менен биздин колубузга тийди. Мурда биздин китепканада манас тууралуу китептер жок болчу, мен мурда Каракол шаарынан бир топ китептерди алдырып, кайра берүүгө туура келип калчу.”
Акай Кубат уулу Манас таануу куржогуна катышып келет, бул энциклопедия менен окуу ал үчүн кызыктуу болуп жаткандыгын айтты:

“Манас таанууга даярдык жакшы анткени бизге Манас эпосу тууралуу жаңы китеп келген. Мурда китеп жок болгондуктан, көп суроолорго толугу менен даярдана албай калганбыз жана 3-орунду алып калганбыз. Мисалы, мурунку сынакта жер-суу аттары боюнча суроо келип, жооп бере албай калганбыз, ошол жооп бул китепте бар экен. ”

Манас таануу сынагы жыл сайын өтүлүп келет. Мектеп окуучулары китеп жетишсиздигине карабастан, ийгиликтерге жетишип келишкен, кезектеги сынак март айында өтүлөт.
Даярдаган: Жаңыл Жантаева, Элдар Аманбеков