Наран районундагы Учкун айылынын тургуну Токтогул Серкебаев алты жылдан бери Талас облусунан алынып келинген тооктун түрүн багып келет. Ошондой эле тооктун өзгөчө сырларын билип, учурда пайдасын көрүп жаткан мезгили.
Үй канаттуусу тооктун өзгөчө түрү Учкун айылында багылып жатат. Бул тооктон тапкан пайдасы аз болсо да, ширенке, түз алаганга жетээрин тоок багуучу Токтогул ата мындайча баяндады.

«Мен тоокту багып жатканыма 5-6-жылдай болуп кады. Алар өз алдынча жашап кетүүнү билишпйет. Биз карабай койсок ошо бойдон каралбай калат. Мисалы биз 3-4 жума мурун тойго кетсек, тооктордун жарымы жоголуп кетиптир. Учурда алардан 20дай гана калды. Алар күнүнө үч маал жем жешет. Алардын жегени: негизинен дан өсүмдүктөрү, бир маал тамагына жүгөрү кошуп беребиз. Ошондой эле жумурканы башкаларга карганда көбүрөөк берет», — дейт Серкебаев.

Тоокутун бул түру өтө наазик келет. Ошондуктан үй ээлери анын жаткан жерин жумасына бир жолу тазалап турушат.

Буга чейин айылда тоокту ар бир үйдө эле багып келишкен болсо, бирок бул Таластан алынып келинген түрүн эч ким карап көргөн эмес болчу.

Таластан алып келинген бул тооктун өзгөчөлүгү алар кызыгылт сары түстө болушат. Ошондой эле жумуртка көп туусу үй ээсинин жем, кошумча тамактарын өз убагында берүүсүнө байланыштуу болот.
Токтогул ата бул өзгөчө канаттууга кыш мезгилинде эки маал ысык суу берип турат. Бул тоокту багууда атайын тооктун жумуркасын салыш үчүн ыңгайлуу буюм жасап алыш керектигин айтат.
Даярдаган: Таалайбек кызы Жибек, Төбөйбек кызы Бегайым
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн