
Бул тууралуу Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинин окуу тарбия иштеринин башчысы Айзада Байсалова билдирди: — Быйылкы жылы жылпы 24 бүтүрүүчү болсо, анын 84%ы Жалпы респуликалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгында 110 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болушту. Ошондой эле эки окуучу Нарын районунун акимчилиги тарабынан мактоо баракчасына татыды.
Белгилей кетсек, Кызыл-Жылдыз мектеби былтыр да Нарын району боюнча ЖРТ боюнча алдыңкы көрсөткүчтү көрсөткөн. Аталган мектепте 2015-2016-окуу жылында жалпы 305 окуучу билим алды. Быйыл 9-классты 30, 11-классты 24 окуучу аяктады.
Жаңыл Жантаева. “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борбору.