Спортзал эски мектептин ордуна курула турганы пландаштырылды.

Бул тууралуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Калыбек Касмалиев билдирди.
Спортзалды курууга айыл тургундары тарабынан да каражат чогултулуп колдоо көргөзүлүп жатат.
Негизги каражат айылдын ишкерлери тарабынан демөөрчүлүк негизинде топтолот.
Эски мектеп архитектуралык структурасы боюнча начар курулган деп 1998-жылы жараксыз деп табылган.
Нуриза Аскарбек кызы
“Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борбору