Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тургундары «бир жылдан бери кино, концерт, цирк сыяктуу нерселер келген жок» деп кайрылышты. Бул маселе тууралуу биз маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.
Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоодо айыл тургундар маданият үйүнө бир жылдан бери эч нерсе келбей жаткандыгын айтышты. Бул маселе тууралуу эмне дейт элеңиз?
— Ооба, туура. Бир жылдан бери эч нерсе келген жок. Себеби акыркы жолу келгенде көрүүчүлөр азайып, алардын чыгымдары да акталбай калган болчу. Анткени азыркы жаштардын баарында эле телефон бар, интернеттен эле бардык нерсени көрүп калышкан. Мындайча айтканда барбык малыматты эле толук телефондон алышат.
Сиздер аларды өзүңүздөр чакырасыздарбы же алар өздөрү келеби?
— Жок, биз эч кимди чакыра элекпиз. Алардын баары эле өздөрү келип жүрүшкөн. Мисалы, былтыр атайын жаштарды тартипке чакыруу үчүн кино фильмдер келип, мектеп тарабынан бардык окуучулар келип көрүп кетишет эле.
Алар өздөрү келбесе силер аларды чакырсаңар кандай болот?
— Жок, болбойт. Биз аларды чакырууга укугубуз жок. Анан биз чакырсак эле келип калышпайт да. Бирок жакын арада маданият үйүндө сармерден, ыр-кесе сыяктуу көрүнүштөр болот, айыл тургундар ошол убакта келип көрүп, көңүл ачып кетишсе болот.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды