Кыргызстанда ишкерлердин басымдуу көпчүлүгү жеке ишкерлер. Жаңыдан иш баштагандар адатта жеке ишкер деген макамдан иш башташат жана алардын ишмердүүлүгү да ар түрдүү же көп багыттуу. Баетов айылындагы жеке ишкер Адеми салонунун ээси Абдылдаева Гүлзат көп жылдан бери элге сулуулук тартуулап келет. Өзүнүн айтымында чач тарач болгусу келчү. Апасынын башка кесипке үгүттөгөнү текке кеткен.Кичинемен эле чач тарач болгум келчү. Куурчактардын чачын жасалгалай берип, алардын чачтары жок калчу. Апам өзү медик болгондуктан мени да, врач бол, жогорку билим ал дечү. Бирок акыры өзүм сүйгөн кесиптин ээси болдум. Үй бүлөмдү, бала-чакамды багып жатам. Бала чактан чач тарач болууну кыялданып, эми эл кызматында келе жаткан Гулзат бул жылдарда өзүнүн кардарларын таба алды. Алар дайыма Гулзаттын кызматынан пайдаланышат. Баетов айылынын тургуну Акматов Азат аталган салонго дайыма каттайт. Бул салондун кызматынан пайдаланганыма 5-6 жыл болду. Жакшы тейлейт кардарларды. Негизи тил табыша билет. Ичи да таза. Каалагандай кылып тегиздетип кетесиң. Бардык түрдө кыркат. Кайсы убакта келбе, графиги так. Гүлзат өзү белгилегендей алгач чач кыркуу кызматын көрсөтсө , азыр тырмакты жасалгалоо, кирпик каш өстүрүү жана коррекция коюу, азем кийимдерди ижарага берүү өңдүү кызматтарды да көрсөтүп келет. Бул боюнча атайын окуулардан өтүп турат.Өзүнүн келбетине кам көргөн айылдык келиндер учурда Гулзаттын демейки кардарлары. Конокко барарда чуркап келебиз дейт Баетов айылынын тургуну Ырысова Нурай Бул салондо бизге керек кызматтардын ачылганы жакшы болду. Кечке үй жумушунан бошобойсун. Конокко барарда келип, жасанып, жакшынакай болуп кетип калабыз. Айылдык келиндер деле өзүнө кам көрүп жүрушү керек. Кыргызстанда ишкерликке берилген айымдардын саны акыркы учурда өсүп жатканын статистикалык маалыматтар ырастайт. Бирок ошентсе да ишкер айымдарга жергиликтүү бийлик колдоо косотууну унутпаса Мен жерге аренда төлөйм. Ушу жерди менчикке берсе жакшы болот эле. Негизи өкмөт жардам берип турса. Азыр иши деле жок. Өз арабабызды өзүбүз тартып келатабыз. Эртен менен эрте кетип кеч кайткан ишкер айымдын үйүндө өз орду бар. 4 баланын бактылуу энеси. Эгиз кыздарым жолумду жолдосо каршы эмесмин дейт. Жашында мээнет кыл демекчи каарманыбыз эл кызматын аркалоо менен бирге үйдөгү чарбасын да унутта калтырбайт. Күн менен кошо туруп бакчасына бир ирет байкоо жургүзүп анан жумушуна келет. Чарчоону билбеген, кесибин сүйгон айымга ишкердикте ийгилик каалап , кезектеги берүүбүздү аяктайбыз.