Айылыбыздын чыгаан инсандарынын бири, омурунун баарын балдарды тарбиялоого жана окутууга арнаган мугалим эжебиз Маликова Маскура Жекшеновна тууралуу айтып бермекчибиз. Эже жонундо кененирээк маалыматты эженин оз созунон уксак.
Мен Маликова Маскура Жекшеновна мугалимдик эмгек жолун 1964-жылы старший пионер важатый болуп иштеп баштагам.Ал убакта мен Фрунзедеги Маяковский кыз-келиндер институтунда сырттан окуу болумундо, педфак факультетинде окуп жаткам. Башында кыргыз тилинен
5-7-класстарга,1974-жылдан баштап, 1-5-класстарга орус тилинен сабак бере баштадым. 40 жыл мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштедим. Эмгек жолунда бир нече жолу ардак грамоталар, 1984-жылы «Кыргыз ССР инин Эл агарттуусунун отличниги» деген значогу менен сыйлангам.Менин жолдошум Алгожоев Кадырбек да мугалим болуп иштеген.
Эми соз кезегин эженин окуучулары жана коллегаларына берсек.
Маликова Маскура эже мекен жолун которуп 40 жылдан ашык мугалимдик кесипти аркалап келди, балким озгочо кадырлоодон урмат сыйдан уламдыр, башка адистерден мугалимдик кесиптин артыкчылыгын баары бир ооздон белгилешет, анткени ким болбосун кайда иштебесин министирби болобу, кароолчулбу, малчыбы, академикби, саясатчыбы — баары мугалимден окуп билим алышат.
Маликова Маскура эже ушу Кара-Суу орто мектебинде 40 жылдан ашык иштеди. Маскура эженин колунда окуп калдым. Ошонун таасириби, мына мен дагы эженин жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалап келатам.
Маликова Маскура эженин педагогикалык ишмердигин мисал кылсак мугалим жонундо даана ачык айкын тушунукторго туш болобуз. Маскура эже оз жарыгын жаш оспурумдорго чачып: ата мекен, коом , мамлекет, эл, адам, эне тил, сулуулук, онор ,таалим, элге кызмат кылуу жонундогу жан дуйносун калыптандырып аларды адамкерчиликтуу жашоо орноктору менен куралдандырды. Эже бут ден соолугун, билимин ушундай жумушка сарптап келди.
Сиздер жогоруда уккандай Маликова Маскура эже омурунун баарын мектепке арнады, миндеген балдарды окутту, тарбиялады жана ошондой эле оз тажырыйбасын наш мугалимдер менен болушуп, алардын урмат сыйына ээ болду. Эжебизге узун омур, уй булосундогу ырыс ынтымакты каалайбыз.
Корушкончо сак саламатта калыныздар, урматтуу менин айылдаштарым.
Даярдаган: Сабина Кадырбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.