Кочкор Халмурзаев Үч-Коргон айылында таза суу боюнча жетектөөчү адиси болуп иш алып барат. “Бизде суу жеткирүүчү трубалардын курулушу 1970-жылдары башталып 75-жылы бүткөн. Трубалар 65 километр узундугунда. 80 пайызы бетондолгон калганы чоюн жана темирден жасалган.
Халмурзаевдин билдирүүсүнө караганда, суу жеткирип берүүчү трубалардын жарактуулук мөөнөтү 45 жыл. Ушул күндө жарактан чыгып калган суу түтүктөрү айыл өкмөтү тарбынан жана башка уюмдар тарабынан каржыланып, тазаланып оңдоодон өткөн.“Илгери бул трубаларга жабдыктар Жалал-Абаддан алынып келинет эле. Азыр болсо ал жабдыктар чыкпай калган. Негизги көйгөй мына ушул. Азыр көп жерлерде суу чыкпай турат. Анткени суу жеткирүүчү трубалар таштандылар менен толгон. Бул жердеги балдар бакчасында бир жумадан бери суу жок эле, больницада, мектепте таза суу жок эле. Биз пожарныйларды алып келип чоң күч менен таштандыларды тазалап бүгүн суу чыгардык”,-деп кошумчалады Халмурзаев.Бул жумуштарды ишке ашырууда негизи айыл өкмөтү салымы чоң, техника жагынан финанс жагынан жакшы жардам көрсөттү. 2004–жыл Мерсико деп аталган уюм чогуу иштешип, суу тазалоочу системаны куруп, электр энергиясынан да көз каранды болбой калдык. Мурда жарык көп өчөт эле. Сууларды жылытууга азыр болсо бир канча алдыга жылуу бар.“Бүгүнкү күнү көп кабаттуу үйдө, мектепте, бейтап канааларда, бала бакчаларда таза суу чорголордон чыгарылып берилген. Ысык жана муздак суулар менен камсыздалышкан”,- деп кошумчалашты айылдын тургундары.
Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка