Сумбула айылы аймагынын Сары-Дөбө айылындагы «Айданек» бала бакчасы балдарга жакшы тарбия берүүдө. Учурда бала бакчада 59 бала тарбия алууда. Жалпысынан бала бакча үчүн бир миллион сом каражат сарпталган. Бала бакчанын учурда жатаканасы жана тамак-ашы каралган эмес. Бала бакча болсо азыркы күндө 9:00-12:00 чейин гана иштейт. Бала бакчанын жетекчиси Жээнбаева Равшанбүбү бала бакчанын көйгөйлөрү жөнүндө айтты.
«Бала бакчабыз мурда айылдык маданият үйү болгон. Кийинчерээк бул жер чайканага тиешелүү болду. Биз аны бала бакча кылууну ойлогон элек кийин анын бир бөлүгүн бизге бөлүп берди. Биз аны ашар жолу менен бала бакчага айланттык. Бала бакчабызды «СОЦ»-«ДАЙЗЕТ»-деген долбоордун негизинде ачылган. Биздин бала бакчабыз үч сааттык гана билим берүү болгондуктан биз аны тогуз сааттык кылууну ойлоп жатабыз. Бирок андай кылыш үчүн бизге демөөрчүлөр керек»,-дейт Жээнбаева.
Бааса белгилеп кетсек, бул жерде мурда бала бакча болгон эмес. Балдар сабактардан кыйланып жаткандыктан мектепке чейинки даярдык максатында бала бакча ачылган.
Бул бала бакча үчүн Бектемиров Кулмат өзүнүн эсебинен 120 миң сом берген, ал эми Жаныбеков Раимберди 12 миң сом берген. Айыл-өкмөт тарабынан да 60 миң сом бөлүнгөн. Башка адамдар өз салымдарын кошушкан. Жалпысынан 343 миң сом курулуш иштерине кеткен.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»