15-июлдан баштап Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ковид-19 вирусуна каршы эмдөө жүргүзүү кайрадан улантылды. Алгачкы эмдөө ушул жылдын май-июнь айларында жүргүзүлгөн. Биринчи эмдөөдө көпчүлүк жарандар эмдөөдөн баш тартышкан, себеби алар вакцина тууралуу фейк маалыматтарга ишенишкен. Бул жолу айыл тургундары активдүүлүгүн көрсөтүштү, анткени вирустан сактануунун бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү экенин жакшы түшүнүп калышты.
Айыл тургуну Улан Чортоевден эмдөө тууралуу сураганыбызда бизге төмөнкүлөрдү айтып берди: «Мен вируска каршы эмдөөдөн май айында өткөм. Адегенде коркуу сезими пайда болду, анын себеби, интернеттеги вакцина тууралуу маалыматтар болду. Алгач бул маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тарттым, кийинчерээк бул маалыматтардын баары жалган маалыматтар экенин билдим. Вакцина алган соң эч жерим ооруган жок, өзүмдү жакшы сездим. Жакында үй-бүлө мүчөлөрүм бир аз сыркоолоп калышты, мен ооруган жокмун. Экинчи эмдөөдөн июнь айында өттүм. Азыр ден-соолугум жакшы».
Дагы бир айыл тургуну буларга токтолду: «Менин аты-жөнүм Күлүйпа Момуналиева. 2020-жылы жайында Ковид оорусу менен ооругам. Ошого байланыштуу биринчи жана экинчи вакцинаны ойлонбостон, эч коркпостон алдым. Эмдөөдөн өткөндөн кийин аябай оорудум. Мунун себебин дарыгер организм алсырап, күрөшө албай жаткандыгы менен түшүндүрдү. 21 күндөн кийин экинчи вакцинаны алдым. Экинчи эмдөөдөн кийин үч күн ооруп жакшы болдум. Менин жеке оюмда вакцинанын эч кандай зыяны жок. Оорудан сактануунун бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү деп эсептейм. Азыр баары жакшы, ден-соолугум жайында».
Айыл тургуну Кенже Оторова эмдөөдөн өттү. Ал «Бардыгыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам» деп билдирди.