Эмдөө Кытайдын «Sinofarm» компаниясынын «Vero Cell» вакцинасы менен жүргүзүлөт. Районго 1390 доза келди. Ден-соолугуна байланыштуу эмдөөнү каршы көрсөтмөсү жок 18 жаштан жогору бардык жарандар, райондун аймагында ачылган эмдөө пункттарында эмдөөдөн өтүүгө чакырат.
Эмдөө 14-июлдан 1-августка чейин күнүгө саат 8-00 баштап кечки 20-00 чейин жүргүзүлөт.
Вакцина алуу үчүн жанынызда паспортуңуз болуусу керек.
Ачылган эмдөө пункттары:
Казарман: Оорукананын имаратында жана Иса орто мектебинин имаратында.
Айылдарда СВА, ФАПтарда эмдөө жүргүзүлөт
Кошумча эмдөө пункттар, Лицейде жана УОС мекемесинин имаратында жакын арада ачылат.
Айылдарда СВА, ФАПтарда эмдөө жүргүзүлөт. Ар бир эмдөө пункттарында жергиликтүү активисттердин ыктыярчылары жардамга тартылган.
Анара Мааметова