Суусамыр айыл аймагында 40 адам эмделди, алардын көбү мед кызматкерлер. COVID-19 вирусуна каршы эмдөө, 18 жаштан 65 жашка чейинки адамдарга жүргүзүлөт. Ал эми 65 жаштан өткөн адамдар СПУТНИК V аталышындагы вакцинаны ала алышат.
Суусамыр айылдык ооруканасынын врач ординатору Керемет Жакутбекова вакцина алууда элдин кабыл алуусу жакшы экенин айтат:
“Учурда Суусамыр айыл аймагында абал туруктуу. Суусамыр айыл аймагына 400 даана вакцина алынып келинген, Кара-Балта шаарында вакцина жетишпегендиктен, 200 даана вакцина райондук ооруканага которулду.
Вакцина иши жакшы жүрүп жатат, биз көбүнчө айыл өкмөтүнө, жергиликтүү элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз. Элдин кабыл алуусу мурдакыга салыштырмалуу жакшы. Ал эми азыркы учурда 40 адам эмделди, алардын көбү мед кызматкерлери. Вакцина алып COVID-19 вирусуна чалдыккандар жок. Эмдөөдөн кийин кан басымы көтөрүлүп, аллергиялык реакцияга кабылган адамдар жокко эсе”.
Суусамыр айылдык ооруканынын тиш дарыгери Алмазбек Бийсеев биринчилерден болуп эмдөө алган:
“Былтыр 7-июль иш учурунда COVID-19 вирусуна кабылгам. 21 күн үйдөн сыртка чыкпай дарыландым. Учурда абалым канааттандырарлык. Вируска чалдыккандан кийин, 6 айдан соң ковидке каршы вакцина чыкты. Суусамыр айылына вакцина алынып келингенде, биринчилерден болуп мен алдым. Аталышы Кытайдан алынып келинген “Синофарм” вакцинасы.
Эмдөө алуудагы чечим мен үчүн жеңил эле болду, анткени, вакцина жөнүндө түшүнүгүм бар. Вакцина алгандан кийинки реакция менде байкалган жок. Дене табым, аллергиялык реакция, алсыроо менде болгон жок. 21 күн өткөндөн кийин экинчи эмдөөнү алдым.
Вакцинадан кийин COVID-19 вирусуна каршы иммундук комплексти пайда кылуучу антителону текшертүү үчүн анализ тапшырдым. Жыйынтыгы жакшы, вакцина алгандан кийин өзүңдү коопсуз сезип калат экенсиң. Элди интернетте тараган жалган маалыматтарга ишенбей, ден соолугуңуздар үчүн вакцина алууга чакырып кетмекчимин”.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Нурзат Райымбекова вакцинага тууралуу өз оюн айтты:
“Мен дагы жолдошум экөөбүз COVID-19 вирусуна чалдыгып калдык. 5 күн Суусамыр айылдык ооруканада дарыланып жылыш болбой райондук ооруканага которулдук. Учурда үй карантинге чыгарылдым, абалым бара-бара жакшырат деген ишеничтемин.
Вакцина алуу чечимине көз карашым оң. Мен вакцина алам деп жетишпей калганыма өкүнүп жатам. Вакцина алуудан кийинки реакциялардан коркуу сезим болгон жок, тааныштарыман вакцинанын пайдалуулугун угуп женилдеп калдым”.
Айдана Токтобекова