Айылыбыздын көйгөйлөрүнүн бири — бул таштандыларды бир жерге таштоо. Айылыбыздын атайын таштанды ыргытуучу жайы белгиленген эмес. Ошондуктанбы, айтор айылыбыздын тургундары таштандыларды ар кайсы жерге таштай беришет.
Тургундардын айтуусу боюнча, өйдө жактагы жашоочулар таштандыларын жаңы үй жактагы чуңкурга ыргытышат.
Ал чуңкурда ар кандай желим жана шише бөтөлкө, кагаз, музоо, кой жана башка ар кандай таштандыларды көрүүгө болот. Андан ылдыйраак клубдун арты дагы таштанды жайына айланган.
Ал жерде да мышыктын, иттин, музоонун өлүктөрү жатат. Ал эми айылдын кашарга бара жаткан жолунун эки жагы тең таштанды таштоочу жайга айланган. Андан кийинки таштанды жайы айылдын ылдый жагынан кирип келе жаткан жолдун жээктери.
Ал жак дагы таштандыга толуп кеткен. Ошондо кичинекей эле айылыбызда төрт таштанды ыргытуу жайы бар экен. Ал жактан жаман жыттар чыгып айылдын тургундарынын ден соолугуна зыян келтирип жатат.
Ага карабастан таштандыларды дагы эле таштап жатабыз. Жакында айылыбызда чогулуш болуп, жаңы староста шайланды. Төрөбек Алиевдин айтуусу боюнча, эми атайын таштанды таштоочу жай болмокчу.
Ал өз сөзүндө таштандыларды атайын белгиленген жерге таштоону айтып, айылдын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртууга чакырды.
Даярдаган: Элина Азаркулова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка