Айылдагы Канимет эне пенсия алуу мөөнөтү жетсе да акча ала албай келет. Себеби майып болгондугуна байланыштуу эч кимге кайрыла албайт.
Үйдө кызым экөөбүз жашайбыз, жөлөк пул алабыз тамак-ашка жетпейт, деп Канимет Малаканова төмөнкүлөргө токтолду:
«Пособия канча алаарымды билбейм кызым экөөбүз тең санаганды билбейбиз. Аз эле 1000 сомдуктан 3 кагаз анан бир 500 сом. Пенсия алайын дейм билбесем кайдан. Экөөбүз тең оорулубуз».
Кызы Бурма төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Тамак-ашка элдикине иштейм акча төлөп беришет, санаганды билбейм. Кышында отун жок үй суук. Айыл өкмөт нан, чай, кант, май алып берген. Дагы жардам берет деп аткан, эшик-терезе салып, жок алар».
«Кызым оорукчан, талмасы бар, кармаса көгөрүп жатып калат. Анан мен бетине суу чачып тургузуп, баш оорунун дарысын берип коём оңолуп калат. Келип молдолор дем салышат. Эч кимге кайрылган эмесмин улуу кызым айткан баш оорунун дарысын берип жылуу жаткыр деп ошондой кылам. Кээде арча күйгүзүп аластап чыгам. Азыр эле башым ооруп атат деп отурган»,-дейт Канимет Малаканова.
«Энем экөөбүздүкү биригип 3500 сом го. Алган акчабыз 1 айга жетпейт»,-деп билдирди кызы Бурма.
«Кышында үй муздак. Санташта (коңшу айыл), Ак Сууда кыздарым бар. Кышында кээде алып кетишет бизди. Акча тийгенде келип азык-түлүк алып келип беришет».
Суу акканы менен ушинтип жыйнап алышат. Ушул маселе чечилип, эне пенсия алып, кызы экөө коргоого алынса жакшы болоор эле.
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка