Бул чыгарылышта биз Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү эң негизги көйгөйлөрдүн бири — жайыт үчүн салык төлөө маселеси. 3-апрелде айылыбызда жайыт жерге салык төлөө маселеси боюнча чогулуш болуп өттү.
Бул чогулушка Кара-Суу айылынын башчысы, депутаттар жана Кара-Суу айылынын тургундары катышып, жайытка салык төлөө маселесин талкуулашты.
Кара-Суу айыл тургундары жайыт салык төлөбөйт экен. Мына ушул маселени кантип чечүү керек? Аккептер медиа борбору жайыт комитетинде иштегендерди, тургундарды жана айыл өкмөтүндөгү кызматкерлерди талкууга чакырат.
«Кенешип кескен бармак оорубайт» дегендей баарыбыз кеңешип, жайыт маселесин чечип алсак жакшы болмок.
Даярдаган: Перизат Туратбекова