Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобу эмгектенген имараттын абалы начар. Бул имарат Тасма айылынын так ортосунда оорун алган, канча жыл өтсө дагы бул имаратка оңдоо иштери жүргүзүлө элек.
Бул тууралуу кененирээк үй бүлөлүк дарыгер фельдшер Айгүл Саадабаева төмөндөгүлөргө токтолду.
— Жер титирегенден кийин курулган алгач бул жер мектеп деп ишке кирген. 1989-жылы биз бул жерге киргенбиз. Андан бери 45 жыл болду. Ошол жылдан бери чоң ондоп түзөө иштери болгон жок, кичине оңдоолор болуп турат сырдап, актап. […] Жылуулук болсо мектеп учурунда турба бар болчу азыр анысынын бары өчкөн, жылуулук жок. Азыр кышында 2 бөлмөдө печка жагып иштеп жатабыз. Жаз келгенде ар кимибиз башка бөлмөлөргө киребиз. Бул имараттын үстүнөн көгүчкөндөр кирип жарабай баратат эл деле көрүп жатат.
Айыл тургуну Куйалиева Гүлүпа үй бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттын абалы канаттандырбаганын белгилеп өттү.
«Кыштын күнү бир эле бөлмө иштейт. Азыркы талапка жооп берген болсо жакшы болот эле. Кышкысын биздин айылда абдан суук болот, бороон чапкын да көп болуп турат. Түпкө баралбайбыз өзүбүздүн ооруканага келебиз көп учурда кыйналып калабыз», — деп билдирди айыл тургуну.
Карасаев айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана муниципиалдык жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Үсөнов Нурбек:
«Бул имарат айыл өкмөттүн балансында турат, бирок ондоп түзөө иштерине райондук ГСВ жооп берет. Сесеби биз алардан салык албайбыз, ошондуктан ондоп түзөөгө биз жооп бербейбиз», — деп билдирди.
Жогоруда айыл тургундары билдиргендей районго алыс болгондуктан, бул ооруканага келип кайрылышат ошондуктан бул имараттын абалы канаттандыраарлык жана ынгайлуу шартта болсо деп күтүшөт тургундар.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов