Менин бул техниканы Кара-Жорго деп койгонумдун себеби башка техникалардан айырмаланып 3 циклда жүрөт. 1-цикл бул кадимки велосипеддерге окшоп педальдын жардамы менен тебип айдаса болот, 2-циклда болсо аккумулятордун жардамы аркылуу ток менен айдаса болот, ал эми 3-циклда болсо кадимки бензин менен айдап жүрсө болот.
Бул Кара-Жоргону башынан баштап аягына чейин жасаганга 11 күн аракет кылып жасадым. Кара-Жоргону жасаганымдын себеби буга чейин 2 циклда жүрүүчү “Велопед” жасап Ош шаарында өткөн “Биз XXI-кылымдын интелектуалдарыбыз” аттуу сынагында областтык конкурста 1-орунду багындыргам. Андан кийин Республикалык конкурска даярдануу үчүн ушул Кара-Жоргомду жасоого туура келип жасап калдым.
Бул үчүн Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы 10 миң сом акча каражатынан жардам иретинде берди. Бул акчага мен атайын кадимки бензопиланы сатып алып моторун ушул техникама коюп, дагы кээ бир тетиктерин сатып алдым.
Андан соң Талас шаарында болгон Республикалык конкурска барып катышып ал жерден 1-орунду алып келдим, — дейт Мурзакаримов Тимурлан.
Даярдаган: Маматов Рысбек