Жеңиштин 70 жылдыгына карата бир айлык иш чараларды өтүү жарыяланган.Ошонун негизинде Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде ачык класстык сааттар,линейкалар өтүлүп,дубал газеталар чыгарылып жатат.
Азыркы жаш муун Улуу Ата-Мекендик согушта кылган аталарыбыздын эрдиктерин унутка калтырбоонун негизинде мындай иш чаралар ар дайым,ар жылы,ушул мезгилде өткөрүлүп турат.
Мына бүгүнда Куланак айылындагы сейил багында 4-а жана 8-а классынын күчү менен даярдалган чакан линейка болуп өттү.Ал жактан эл үчүн,жери үчүн жан берген аталарыбыздын эрдиктерин даңктап,аларга чоң таазим этээрибизди айгинелеп,ар бирибиздин жүрогүбүздө кала тургандай таасир калтырышты.
Жана ошондой эле сейил бактагы эстеликке 4-класстын окуучулары гүл чакмарын коюшту.
4-класстын окуучулары Майсалбек менен Толгонайдын монологун окуучуларга жеткиликтүү айтып беришти.
Ар дайым Улуу Жеңиш күнүнө карата ар бир бала бүгүнкү күндөгүдөй дайынданса,эч качан эстеринен чыгарбайт жана аталарыбыздын эрдиктерин журогу менен туюп турушат.Мына ошондо аталарыбыздын эрдиктери акталганы.
Автор: Айзат Түмөнбаева, Перизат Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка