Кутмандуу кунунуздор менен урматтуу окурмандар ! Сиздер менен Бакбубу Урманбетова .Уулу жениш кунунун 70 айылдык мааракесине карата айылыбыздын фронтовиктери тууралу репортаждарды баштайбыз.
Бугун биз сиздерге Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Чакчагаев Курманалы тууралу айтып бермекчибиз.
Кененирээк маалыматты баласы Чакчагаев Султаналыдан алсак : Менин атам Чакчагаев Курманалы 1906-жылы Кара-Суу айылында туулган.Ал киши 1939 -жылы озунун эмгек жолун
Калинин сельпосунда дукончу болуп иштегенден баштаптыр. Дукончу болуп Калинин Суусамыр жолунда жана ошондой эле БЧК каналында дукончу болуп иштеген экен,
дал ошол БЧК каналын куруп жатканда согуш башталган экен.
БЧК каналы 1941-жылы июль айында курулуп бутуп, ал кишини согушка даярдаганы алып кетиптир.Согушка даярдап,1942-жылы
коп Кыргызстандыктар менен Сталинград салгулашусуна тушуптур. Баарынар билгендей бул Сталинград салгылашуусу дуйнодогу эн чон салгылашуу болгон экен. Ошол Сталинград салгылашуусунда жарадар болуп,госпиталга жатып калган экен. Менин атам менен бирге биздин
айылдын тургуну Алиев Иса болгон. Ал экоо бир окопто жатып, фашисттер менен салгылашкан экен. Согуштан жарадар болуп келгенден кийин, учунчу группадагы инвалид болуп,кайта эле дукончу болуп иштеп, 1966-жылы дуйно салган экен, катуу оорудан кийин.
Мына сиздер улуу Ата-Мекендик согушка катышып келген айылыбыздын эр журок тургуну Чакчагаев Курманалы жонундо маек окудунуздар. Ардагер чон атабыздын балдарына, наберелерине чын ден соолук узун омур каалайбыз! Чон атасынын жолун жолдоп Мекенин коргогонго дайым даяр болушсун! Саламатта калыныздар!!
Даярдагандар: Бакбубу Урманбетова, Перизат Туратбекова.
03.05.15