Эл үчүн чаалыкпай Ак кызмат өтөп келген, шаардык Кеңештин Депутаты, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич «Улуу Жеңиштин 70-жылдыгын» утурлап, Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучуларына арнап Сүлүктү шаары менен Кошбулак аймагын бириктирген жалгыз автоунаа жолу болгон Эльмуратов көчөсүн бойлото аллея түзүп, арча көчөттөрүнүн көп түрлөрүн өстүрдү. Бул аллеяга Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрү, өмүр баяны менен орнотулду.
«Бул жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, улууларга урмат көрсөтүү болуп маданий эстелик болсо, экологиялык жактан да аябай пайдалуу эмгек. Исманали Джумабаевич иш сапары менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болуп, ал жактан жакшы жетишкендиктерин үйрөнүп, Элге жайылтып келет»- дейт Сүлүктү шаарынын I вице-мэри Б. Э. Ташев
Кабарчы: Гульмира Садридин кызы.