Улуу Жеңиш майрамын утурлап Кошбулактын борборундагы долбоор менен курулган ажаткана пайдаланууга берилди.
«Долбоор боюнча 4 орундуу ажаткананы коомчулуктун суранычын эске алып, депутат Карабаев Исманали Джумабаевичтин демөөрчүлүгү менен 6 орундуу болуп курулду. Андан сырткары шаардык Кеңештин Депутаттары Рахман Эрматович Абдыназаров, Абдуллазиз Асанович Халбековдор, жеке ишкерлер Жамал Алимбаев, Турсунбай Алимбаевдер, ички каттамдын маршруттук каттамын айдаган айдоочулар моралдык жана материалдык колдоо көрсөттү.
«Сүлүктү шахта курулуш» акционердик коомунун генералдык директору Р. Н. Джураев өздөрү өндүргөн кирпичтен миң даана жардам берди.Андан сырткары актоо, сырдоо айлана-чөйрөсүн тазалоо иштерине Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын аппарат кызматкерлеринен Талай Тургунбаевич, Баархан Талиповна, Айгүл Дооранова Юлия Крюковалар жумуштан бош убактыларында волонтёрдук негизде жардам берди»- дейт долбоордун автору, Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.
Кабарч: Анварбек Тухтаров