Жай мезгили толуп турган учурда, карагаттын мөмөсү бышып турган убак. Карагаттын пайдалуу жактары өтө көп. Карагаттын курамы С витаминине абдан бай. Жыйырма тоголок карагат организмди бир күндүк С витамини менен толук камсыз кыла алат.
Дары чөптөрдүн сырын билген химбиолог мугалим Сүйүн Дүйшөмбиеванын айтуусу боюнча; карагаттын курамында С витамининен тышкары антоциан, Е, К витаминдери, В, РР топтору, темир, бета-каротин, кальций, цинк, калий, натрий, фосфор, магний, эфир майы, флавоноид, фитонцид, пектин, органикалык кислота жана башкалар бар. Медицинада карагаттын бутактары, жалбырагы, мөмөсү, ал гана эмес тамыры дагы кеңири колдонулат. Карагаттын мөмөсүнө караганда жалбырагында С витамини көбүрөөк. Ал иммунитетти көтөрүүдө, кан тамыр, жүрөк ооруларына пайдалуу. Карагаттын жалбырагынан жасалган чай же кайнатмалар, сасык тумоону, ангина, бронхит сыяктуу ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат. Андан тышкары ашказан оорусу, жүрөк оорусу жана подаграга дагы пайдалуу.
Карагат төмөндөгүдөй касиетке ээ
• заара кубалоочу
• температураны түшүрүүчү
• тынчтантуучу
• чыңдоочу
• сергитүүчү
• ревматизмге каршы
• сезгенүүгө каршы
• онкологиялык илдеттерге каршы
Карагат боордун, көк боордун, бөйрөктүн, өттүн иштешин жакшыртып, жел туруп калууда жардам берет. Андан тышкары канды шлактан, холестеринден жана токсинден тазалайт. Карагат зарынага дагы миңдин бири дешет дарыгерлер. Жаңы терилген же тоңдурулган карагатты көп колдонуу менен зарынадан толук арылса болот. Карагат кан тамырларды жакшыртып, мээнин иштөөсүн жөнгө салат. Ал түгүл кандагы канттын көлөмүн нормалдаштырып тургандыктан кант диабетин алдын алуу үчүн колдонсо болот. Андан тышкары оор операциядан кийин организмди калыбына келтирип, кан басымды нормалдаштырып, жүрөктүн согуу ритмин жакшыртат.
Айрым косметологдордун айтуусу боюнча, карагатты косметикалык багытта дагы колдонсо болот. Маселен, бетке пайда болгон кара тактарды кетирүүгө чоң жардам берет дешет. Жалбырактары болсо чачты бекемдөөчү мүнөзгө ээ.
Элдик ыкма боюнча айта кетсек, карагаттын витаминдүүлүгүн көбүрөөк сактап калуу үчүн аны жаңы терилгенде же кайнатпай жеген пайдалуу. Кышкыга сакташ үчүн кургатып же тоңдуруп коюп колдонсоңуз витаминдүүлүгү жакшы сакталат. Карагаттан жасалган татуулардын организмге тийгизген пайдасы дагы жогору. Ошондуктан андан жасалган азыктар эч качан витаминдүүлүгүн жоготпойт.
Амин Ризоев, Айдана Шарыпжанова