Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусунда “Манас Менеджмент Компаниясы” Ысык-Көл аэропортунда фуршеттик дасторконду тез уюштуруу жана сапаттуу өткөрүү үчүн мобилдүү тейлөө кызматын көргөзүштү.
Беш мамлекеттин президенти катышкан IV Консультативдик жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу “Манас” Эл аралык аэропортунда жайгашкан “Манас Менеджмент Компаниясы” фуршеттик дасторкондун тамак аштарын жогорку сапатта даярдап, башкача айтканда мобилдүү тейлөө кызматын уюштурушту.
«Манас Менеджмент Компаниясы»Ысык-Көл аэропортунда кызматта
Бул «Учуудагы тамактануу борбору» учактарды эффективдүү жана өз убагында тейлөө үчүн бардык зарыл болгон атайын жабдуулар менен жабдылган. Ошондуктан мамлекеттик иш-чараларда өткөрүүлүүчү фуршеттик дасторкондорду даярдоодо мобилдүү тейлөө кызматын ар дайым уюштуруп келүүдө.
(солдон оңго карай) Манас Менеджмент Компаниясында 20 жылдан ашуун эмгектенип келишкен Борт питаниянын шеф повары Чолпон Турсунова жана Медициналык-санитардык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Алымкулова менен.
Кыргыз салты боюнча өлкө башчыларын тосуп алууда боорсок ооз тийгизилет. Ал үчүн ар бир келе турган учактын болжолдуу убактысына карап ысык боорсок бышырылып турду.
Элибиз айткандай нан төлгө демекчи, ар бир өлкө башчысын тосуп алууда боорсоктордун даамдуу, сапаты жакшы болуп бышып жатты. (Сүрөт Манас Эл аралык аэропортунун сайтынан алынды)
Келген коноктор кыргыздын боз үйүнөн дагы даам татышты
Айта кетсек, ЖАК “Манас Менеджмент Компаниясы”нын курамына “Абада жүк ташуучу борбору” (“Воздушно-грузового центра”) жана “Учуудагы тамактануу борбору” кирет.
Учактарды эффективдүү жана өз убагында тейлөө үчүн бардык зарыл болгон атайын жабдуулар менен жабдылган. ЖАК “Манас Менеджмент Компаниясы” 1998-жылы негизделген. Жалпы аянты 850 кв.м болгон “Учуудагы тамактануу борбор”унда VIP, биринчи, бизнес жана эконом класстагы жүргүнчүлөр үчүн күнүнө эл аралык деңгээлдеги учакта 5000 порцияга чейин тамак даярдай турган толук жабдылган комплекс бар. Учуудагы тамактануу борборунун өндүрүштүк цехтери учакта тамак даярдоо үчүн заманбап европалык жабдуулар менен жабдылган. Учуудагы тамактануу борбору тамак-аштын сапаты боюнча IATA стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын талаптарына так ылайык курулган. Мындан тышкары, жеке менчик учактар үчүн, экипаждар жана жеке жүргүнчүлөр үчүн алардын өзгөчө суроо-талаптарын эске алуу менен тамак-аш даярдалат.
Турсун Омуралиева