1. Карасан кандай ылаң?
Карасан — олуттуу жугуштуу ылаң. Ошондуктан ылаңдаган мал саналуу болгонуна карабастан, массалык жайылуу коркунучу жогору. Бул жугуштуу оору мал чарба фермаларына чоң зыян алып келиши мүмкүн. Анткени, ылаң, уйдун этин жана анын сүтүн бузат.
Көпчүлүк учурда бул ылаңга 3 айдан 4 жашка чейинки бодо мал чалдыгат. Бирок, кой жана эчкилер, жапайы туяктар дагы ылаңдашат. Ушул убакка чейин карасанды малдын күйдүргү ылаңынан айырмалай албай келген учурлар болот.
2. Ылаң кантип жугат?
Инфекциянын булагы — айлана-чөйрө. Аларга топурак, тоют, башка жаныбарлар менен байланыштар кирет. Микробдор жаратылыш чөйрөсүндө мурда ылаңдаган малдын таасиринен улам узак убакыт бою кургак топуракта, кыкта жана саздак көлмөлөрдө жашайт. Ылаңдын козгогучтары — анаэробдук бактерия. Ал малдын организмине киргенден кийин зыяндуу уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт.
Инфекция көбүнчө жайыттарда, айрыкча кургак жана ысык жайларда болот. Чөптөр жапыз болуп өскөндө жаныбарлар аны козгогучтар, булганган жердеги ар түрдүү бактериялар менен кошо жеп алат. Мындан тышкары, былжыр челинин жана теринин жаралары инфекциянын жайылышына өбөлгө түзөт. Оорулардын эң жогорку деңгээли жай-күз мезгилинде байкалат, андан кийин инфекция коркунучу төмөндөйт.
3. Оорунун белгилери ачык билинеби?
Жаныбардын организмине кирген козгогучтар канга терең кирип, денеге жайылып, гликогенге бай булчуң кыртыштары — бел, көкүрөк, моюнга жайгашат. Микроорганизмдер үчүн азыкка бай бул чөйрөдө споралар токсиндерди жана башка уулуу заттарды бөлүп чыгаруу менен жигердүү турдө активдеше баштайт. Иммундук клеткаларды кысымга алган микробдор бир учурда кан тамырларды кыйратат, шишиктин пайда болушуна себеп болот. Эреже боюнча, инкубация мезгили 24 сааттан 48 саатка чейин, айрым учурда — болжол менен 5 күн. Оору төмөнкү белгилер менен билинет:
* эч кандай себепсиз, температура чукул көтөрүлүп, 41-42 градуска чейин сакталат;
* уйлардын кепшөөсү токтойт, табити төмөндөйт же таптакыр жоголот;
* кыймыл системасынын бузулуулары пайда болот — муундардын бүгүлбөөсү, аксактык, бутту сүйрөө;
* микробдор орун алган жерлерде тыгыз шишик пайда болот. Ал жерлер алгач оорутуп, ысык болсо, андан кийин сезгич келип, кармаганда муздак болот;
* сезгенген жерлерге жакын жайгашкан лимфа бездери чоңоет;
* карасан пайда болгон дененин бөлүктөрү карарып, кескенде көбүктөнгөн күрөң түстүү суюктук чыгат.
4. Ылаңдын акыркы стадиясында малдын абалы кандай болот?
* жаныбарлар дем алуусу оорлошуп, жүрөктүн кагышы төмөндөйт; — бул малдын өлүмүнө алып келиши толук ыктымал;
* эгерде малдын саламаттыгы начар болсо, анда шишик пайда болбостон, тез арада өлүмгө дуушар болот.
* уйлар буттарына туруштук бере алышпайт;
* таноолордун жана ооздун айланасынан көбүк чыгарышы мүмкүн.
Мындан ары мындай малды сактап калуу мүмкүн эмес, эң башкысы, аларды бодо малдын калган бөлүгүнөн бөлүү.
Шишикти басканда кыртыштарда аба көбүкчөлөрүнүн пайда болушунан улам угулаар — угулбас кырсылдаган добушту байкоого болот. Мындай мүнөздүү үн кыртыштардын бузулуусунан улам пайда болот.
5. Карасандын козгогучтарын кантип жок кылса болот?
Бул микроорганизмдер көптөгөн козгогучтардан турат. Тилекке каршы, козгогучтар ар түрдүү шартта жашап кетүүгө ыңгайлашкан. Суук абага да туруктуу болуп, топуракта бир нече жыл жашайт. Ал эми ультрафиолет нурунун таасири астында козгогучтар жана микробдор 24 саатта, кайнап жатканда — 2 сааттан кийин өлүшөт. Ошондой эле аларды дезинфекциялоочу заттар менен жок кылууга болот: формальдегид эритмеси микроорганизмдерди 15 мүнөттүн ичинде, сымап хлоридинин эритмеси – 10 мүнөттө өлтүрө алат.
6. Карасанды кантип туура дарылоо керек?
Инфекциянын тез өнүгүшү көбүнчө дарылоону кыйындатат. Ошондуктан көпчүлүк учурда жаныбарды сактап калуу мүмкүн эмес. Бирок инфекция өз убагында аныкталса, карасанды антибиотиктер жана жабыркаган аймактарды дарылоо менен жакшы натыйжага жетүүгө болот.
Ылаң кечээ жакында гана пайда болгон эмес. Ал 19-кылымдын аягынан баштап белгилүү. Окумуштуулар карасандын козгогучтарын аныктагандан кийин, алюминий гидроксидине негизделген вакцина иштеп чыккан. Бул инфекциянын таралышын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди.
Дарылоо учурунда ылаңдаган мал башка жерге бөлүнүп, калган малды эмдөө керек. Карантин чаралары аяктаганга чейин, уйларды эт катары союуга, ошондой эле алардын сүтүн тамак-ашка колдонууга тыюу салынат. Мындай чаралар ылаңдаган жана вакцинацияланган жаныбарларга да тиешелүү. Эгер малды сактап калуу мүмкүн болбосо, алардын өлүктөрү өрттөлүп, ошол эле учурда кыктардан арылуу керек. Мал багылган жер толук дезинфекциялануусу шарт.
Сарайда колдонулган бардык шаймандар, азыктандыргычтар, эшиктер ж.б дезинфекцияланууга тийиш. Тазалык иштери коргоочу кийимде, кол капта жана респиратордо жүргүзүлүшү керек. Дезинфекция иштери кеминде 3 жолу, аралыгы бир сааттан кайталанууга тийиш.
Шарп ылаңын дарылоо жана алдын-алуу жолдору
Касиет Кубанычбек кызы
