Ак-Талаа районунда 2024-жылдын 6 айында бруцеллездун 16 учуру катталган. Ал эми былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 10 учурга өскөн. Бул тууралуу бүгүн социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча көп секторлуу координациялык кеңеште айтылды.
Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (НРАОАА жана МСЭКБ) Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда бруцеллез оорусунун көбөйүү себептери белгисиз.
“16 учурдун 12си эркектер, төртөө аялдар. Булардын арасында (25%) 14 жашка чейинки балдар дагы бар. Оорунун булагын карай турган болсок, 4 учур ири мүйүздүү малдан жукканы аныкталган, калганы белгисиз”, — дейт ал.
Айыл өкмөттөр боюнча бруцеллездун курч кармаган түрү Баетовдо 3 учур, Чолок-Кайыңда 4 учур, Кош-Дөбө айыл аймагында 3 учур катталып, жогорку көрсөткүчтө турат.
Координациялык кеңешке катышкан айылдык ден-соолук комитеттеринин, ФАПтын жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери оорунун көбөйүшүнө ветеринардык кызматтын начардыгы себеп болууда дешти.
Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын улук инспектору Келгеналы кызы Атыркүл айылдарда мал ооруларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатканын, бирок мал ээлери санитардык эрежелерди сактабастан кайдыгерлик кылып жатышканын айтты.
Барчын Мамытбекова