Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 «Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунун негизинде, айыл аймак боюнча социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын отурумунда 39 арыз каралып, булардын ичинен 23 документ канааттандырылган деп табылды.
Жыйынтыгында Республикалык бюджеттен 23 үй-бүлөгө 100 000 (жүз миң) сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул үй-бүлөлөр социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөр.
Азема Кудуева.